Жаңылыктар
05.11.2023 14:37
Кароолор: 340
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДУК ӨК БӨЛҮМҮ: КЫРСЫКТАРДЫ АЛДЫН АЛУУ – АДАМ ӨМҮРҮН САКТАЙТ!
ӨКМдин Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү адам өмүрүн сактап, кырсыктардын алдын алууну максат кылган калкка түшүндүрүү ишин жигердүү жүргүзүүдө.
Анда жылдын төрт мезгилинде күтүлүүчү табигый кырсыктар: сел, суу ташкындарынан коргоонуу, жер титирөө, өрт коопсуздугун алдын алуу, жайкы эс алуу учурундагы сууга түшүү эрежелери, туруксуз аба-ырайы боюнча маалыматтарды камтыган видеоролик райондун Кызыл-Суу айылындагы борбордук көчөсүндө жайгашкан LED экран аркылуу жана “Салтанат” кинотеатрында көрсөтүлүп, калкка кеңири маалымат берилүүдө.
Мындан сырткары Жети-Өгүз районундагы 40 жакын жалпы билим берүү орто мектептеринде, райондун жарандык коргонуу кызматтарына жана 13 айыл аймактын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине көрсөтүлүүдө.
Ошондон эле кызматкерлер айдоочуларга кыш мезгилиндеги жолдо жүрүү эрежелерин эскертип, үйлөрдү жылытууда өрт коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР