Жаңылыктар
22.04.2024 21:02
Кароолор: 29
ЖЕРТӨЛӨДӨН СУУЛАРДЫ ТАЗАЛАШКАН КУТКАРУУЧУЛАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИШТИ
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айыл аймагына нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепитинен Арчагул айылында сел жүргөн .
Табият кубулушунун кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматты тактоого , көзөмөлдөө иретинде жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн саат 17:03тө ыкчам топ тартылган.
Куткаруучулар 2 турак үйдүн жертөлөсүнөн мотопомпа менен суу сордуруп, толугу менен тазалап беришти.
Аларга айыл элинин жашоочулары ыраазычылыгын билдиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР