Жаңылыктар

18.04.2024 10:32

   Кароолор: 118

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНА СЕЛДИН АЛДЫН АЛУУ СУНУШТАРЫ БЕРИЛДИ

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин жооптуу өкүлдөрү Алай райондорунун аймагындагы сел жана суу ташкындарынан кооптуу аймактарда изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Иликтөөнүн жүрүшүндө адистер сел жана суу ташкындарына көбүрөөк дуушар болгон Коммунизм айылындагы Каргаш, Ак-Терек сыяктуу аймактар, Корул жана Жошолоң айыл аймактары изилденди.

Кооптуу аймактарда турак жайлар жана айылдын инфраструктурасы жайгашкан.

Натыйжада сел жана суу ташкындарынын алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эскертме каттар жана сунуштар менен тапшырмаларды камтыган корутундулар берилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу