Жаңылыктар
31.03.2025 13:53
Кароолор: 315
ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КҮЧҮ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА 3,5 ЖАНА БИШКЕК ШААРЫНДА 2,5 БАЛЛГА ЧЕЙИН СЕЗИЛГЕН
КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 13:25те Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР