Жаңылыктар
22.10.2025 16:45
Кароолор: 251
ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КЕСЕПЕТТЕРИН БОЛТУРБОО, СЕЙСМИКАЛЫК ТУРУКТУУЛУКТУ КҮЧӨТҮҮ - МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын аймагында КР Президенти – Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 22-24-октябрь күндөрү өткөрүүчү республикалык команда-штабдык машыгуунун алгачкы күнүн баштады.
Бул иш-чарага ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов жана министрдин орун басары Эрнест Жусупов баштаган ӨКМдин өздүк курамы, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, күч түзүмдөрү, ошондой эле Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Жер титирөө кырсыгы катталган учурда жергиликтүү бийлик органдарынын Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын жана уюмдардын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча иш аракеттерин уюштуруу, тартылган кол алдындагы күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу, жабыркаган калкты коопсуз жайга жайгаштыруу жана аларды ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу максатында өткөрүлүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР