Жаңылыктар
03.10.2026 14:07
Кароолор: 53
ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУКТУУ МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ТЕКШЕРИЛДИ
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМдин “Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоору боюнча курулуп жаткан мектептер менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ал Манас шаарындагы №27 Бакиров атындагы 500 орундуу мектептин курулушунан кабар алды. Анын имаратын жаңыдан куруу иштери 2025-жылы башталган. Ал эми реконструкциядан өткөрүлүп жаткан Базар-Коргон районундагы Нышанбаев атындагы орто мектеби толугу менен реконструкциядан өткөрүлүүдө. Ал 340 орунга ылайыкталган, аяктоо мөөнөтү 2027-жылга пландалган. Ушул эле райондогу № 26 Ахмадали Худайбердиев атындагы орто мектепте жаңы курулуш жана окуу корпусуна капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары ишке ашырылууда. Анда жалпысынан 700 орун каралган.
Министрдин орун басары андан ары Сузак районунун Арал айылындагы Камил Маткеримов атындагы №62, Болотбек Шамшиев атындагы № 4 жана У. Абдукаимов атындагы №8 орто мектептерге барып, толук реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Сулайманов белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана курулуш иштеринин тиешелүү талаптарга ылайык жүргүзүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, окуучулар жана мугалимдер үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу, өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ