Жаңылыктар

05.08.2025 21:54

   Кароолор: 381

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН ИМАРАТТАР ТАКТАЛУУДА

Учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен саат 20:00дө КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгына "Айгай" жарыяланды.

Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүү жана Жарандык коргонуу комиссиясы менен тактоо иштерин жүргүзүү үчүн башкармалыктын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Саат 21:00гө карата маалымат:

Жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үй, Сузак районунун Кыз-Кол айыл аймагындагы А.Жапарбаев мектебинин спортзалынын дубалдары жарака кетип, жабыркаган.

Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин улантууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу