Жаңылыктар

04.03.2024 12:46

   Кароолор: 337

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР КАНДАЙ?

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР КАНДАЙ?

 

Жер титирөөдө өзүн алып жүрүү эрежеси менен таанышып алыңыз.

Бул табият кырсыгынын качан жана күчү канча болоорун так айтуу өнүккөн өлкөлөрдө мүмкүн эмес. Андыктан ар дайым баарыбыз сак бололу.

- Эгерде сиз көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында же болбосо жер үйдө жашасаңыз тезинен коопсуз жерге чыгуу зарыл;

- Көп кабаттуу үйдүн экинчи же андан жогорку кабаттарында болсоңуз, имараттан чыгып кетүүгө аракет кылбаңыз;

- Лифт колдонууга жана тепкич менен түшүүгө болбойт;

- Керектүү документтер, буюмдар салынган баштыкты даярдап коюңуз;

- Эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөңүз;

- Жер титирөөдө терезеден оолак болууну унутпайлы;

- Негизги дубалдардын бириккен жеринде туруңуз;

- Бийик имараттардын жанында болсоңуз, урандылардан жаракаталбаш үчүн ачык жерге баруу зарыл;

- Жогорку кабаттан секирбеңиз;

- Керебеттин жана столдун астына жашынбаңыз;

- Үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз.

- Өзгөчө кырдаалдардан турак-жайыңызды камсыздандыруу зарыл.

- “112” кызматына маалымат бериңиз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу