Жаңылыктар

23.01.2024 12:25

   Кароолор: 1246

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН "QR"  АРКЫЛУУ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан  өзгөчө кырдаал коркунучу же жаралган шартта өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтарды уюлдук телефон аркылуу ыкчам билүү үчүн “QR”  коддор иштелип чыккан.

Мындан ары эми уюлдук телефонуңуз аркылуу   өзгөчө кырдаал коркунучу же жаралган шартта, өзүн алып жүрүү  жана коопсуздук эрежелерин билип алсаңыз болот.

Белгилей кетсек, буга чейин мындай "QR" коддор республиканын мектептеринде, коомдук жайларда, соода борборлорунда илинген.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу