Жаңылыктар
14.05.2025 09:36
Кароолор: 173
ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ АК-ТАЛАА РАЙОНУНДА 99 ТУРАК ҮЙ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДЕН ЖАРАКА КЕТКЕН
Нарын облусунда 2025-жылдын 12-майында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо боюнча тартылган Жарандык коргонуу комиссиясынын 13-майга карата корутундусу чыкты.
Алардын маалыматына ылайык Ак-Талаа району боюнча жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталды:
Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Көк-Жар айылында 36 турак үй, Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, 1 маданият үйү, Ак-Кыя айылында 21 турак үй, 1 мектеп, Кадыраалы айылында 7 турак үй, 1 мектеп, 1 дүкөн, Кара-Ой айылында 7 турак үй, 1 мектеп (анын ичинен 46 турак үй камсыздандырылган, 53 турак үй камсыздандырылган эмес). Иликтөө иштери бүгүн, 14-май күнү да улантылат.
Эске салсак, Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 балл жер титирөө катталган. Буга байланыштуу жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолорду тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР