Жаңылыктар
02.09.2024 12:57
Кароолор: 304
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-сентябрь күнү саат 12:45те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР