Жаңылыктар

28.06.2024 15:36

   Кароолор: 359

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 15:18де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу (Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу