Жаңылыктар

22.06.2024 23:15

   Кароолор: 455

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 22-июнь күнү саат 23:10дө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аламүдүн районунун Горная-Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек шаарында, Ысык-Ата районунун Кант шаарында, Интернациональное айылында, Аламүдүн районунун Байтик, Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

(Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кант шаарынан 25 чакырым түштүк батышта, Горная Маевка айылынан 3 чакырым түштүктө, Кой-Таш айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тактоо иштери жүрүүдө

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу