Жаңылыктар
19.06.2024 18:12
Кароолор: 815
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 18:09да Кыргыз республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында 4,5 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Айгыр-Жал айылдарында, Аксы районунун Кашка-Суу айылында 4 балл, Аксы районунун Кербен, Жерге-Тал, Достук айылдарында, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 3 баллга чейин сезилген.
(Терек-Сай айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Ала-Бука айылынан 29 чакырым түндүк батышта, Кашка-Суу айылынан 35 чакырым батышта, Кербен шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан).
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР