Жаңылыктар

06.05.2024 10:40

   Кароолор: 238

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 6-май күнү саат 10:12де, Казакстан Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=11,1).

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында Кызыл-Жар айылынан түндүк чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан 80 чакырым түндүк чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ак-Суу районунун, Жыргалаң, Кызыл-Жар, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Нововознесеновка, Боз-Учук, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 баллга чейин, Ак-Суу районунун Сары-Камыш, Теплоключенка, Чоң-Таш, Байзак, Түп районунун Токтоян, Кен-Суу, Качыбек, Отрадное, Тасма, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу