Жаңылыктар
19.03.2024 21:10
Кароолор: 895
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча, КР Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-март күнү саат 21:05те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Бишкек шаарында 3 баллга (Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР