Жаңылыктар
08.08.2025 15:36
Кароолор: 239
ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЮНЧА КОШУМЧА МААЛЫМАТ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:58де Өзбекстан Республикасынын аймагында жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 магнитудага жетип, MSK-64 шкаласы боюнча бааланган.
Жер титирөө төмөнкү аймактарда сезилди:
4 баллга чейин – Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айылы;
Араван районунун Араван, Кочубаева айылдары;
3 баллга чейин – Ош шаары, Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдары;
Кара-Суу шаары, Кыргыз-Чек, Кашгар-Кыштак, Шарк, Нариман, Большевик айылдары;
3 баллга чейин – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР