Жаңылыктар

06.07.2025 19:03

   Кароолор: 336

ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРГӨН ТИЛКЕДЕ КӨМҮР КАЗУУ ИШИ ТОКТОТУЛДУ

Социалдык тармактарда тарап жаткан Жумгалдагы жер көчкү тууралуу маалымат.

Бүгүн Нарындын Жумгал районунда алдын ала маалымат боюнча Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы "Как" тилкесинде "Минерал Прайм" ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 млн куб.

Мындан улам ӨКМдин Жумгал райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жеринде болуп, адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келбегенин такташты.

Белгилей кетсек, аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу