Жаңылыктар
17.12.2024 11:05
Кароолор: 185
ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШКӨН УНАА ЖОЛУН ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТИ КӨРҮЛӨТ
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Сары-Булак унаа жолунун 4-8-чакырымында жер көчкү түшүп, жол жабылып калган. Аталган аймакта эл коопсуздугун камсыздоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов баш болгон жумушчу топ жеринде иш алып барууда.
Азамат Мамбетовдун айтымында, айыл тургундарынын каттоосу үчүн айланма жолу бар жана канааттандырарлык. Ал эми жер көчкү түшүү кооптуулугу бар тилкеде Транспорт министрлигине караштуу жол тейлөө ишканасынын техникалары нөөмөттө турушат.
Жумушчу топтун курамындагы Улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүсү Сергей Ерохин каттамды ачууда жер көчкү кооптуулугу жогору экендигине тактай кетти.
Бул күнү Сары-Булак айыл аймагынын тургундары менен жеринде жолугушууга Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү барышты. Учурда долбоор боюнча тиешелүү адистер менен бирге чечим кабыл алуу жана калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР