Жаңылыктар

29.04.2024 11:12

   Кароолор: 359

ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШКӨН АЙМАК ТАЗАЛАНУУДА

Кечээ, 28-апрель күнү саат 19:40 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Канжыга айылындагы Калмак-Кырчын – Канжыга ички чарбалык автоунаа жолуна жер көчкү түшкөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн, сүрүлгөн жер көчкү жылып отуруп Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолунун 364-чакырымына саат 20:30дар чамасында жеткен, аталган автоунаа жолу саат 1:00дө убактылуу жабылып, нөмөөт уюштурулган.

Учурда жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилигинде Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин райондук Жарандык коргоо кызматтары жеринде тиешелүү жумуштарын аткарышууда.

Болжол менен жалпы көчкүнүн көлөмү 150 миң метр куб, ал анын ичинен Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик жолуна сүрүлүп түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1200 метр кубду түзүүдө.

Аталган жолдогу кооптуулукту жоюуга "Чайна Роуд" иш канасынын 6 инженердик оор техника тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу