Жаңылыктар
22.06.2026 23:51
Кароолор: 4
ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУНАН САК БОЛУҢУЗДАР!
Жер көчкү – адам өмүрүнө жана мүлкүнө олуттуу коркунуч жараткан табигый кырсык. Учурда өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштар жер көчкү коркунучу бар аймактарда жайгашкан.
Жер көчкүлөр негизинен узакка созулган жаан-чачындан, кардын эришинен жана сейсмикалык термелүүлөрдөн улам пайда болот.
Жер көчкү коркунучу бар аймактарда:
Мал жаюуга;
Айыл чарба иштерин жүргүзүүгө;
Кооптуу тилкелерде жүрүүгө тыюу салынат.
Эгер сиз кооптуу аймакта жашасаңыз, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертүүлөрдү так аткарып, коопсуз жайларга өз убагында көчүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Коопсуздук эрежелерин сактоо – ар бир жарандын милдети!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ