Жаңылыктар
14.03.2025 12:08
Кароолор: 198
ЖЕР КӨЧКҮ КАТТАЛГАН АЛАЙ РАЙОНУНДА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Кечээ, 13-мартта саат 16:07 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Курманжан-Датка айыл аймагынын Кызыл-Ой айылындагы тоонун үстүндөгү кар ээрип түшкөн.
Анын кесепетинен тоонун боорунан 8 турак үйлөрдү карай суулар агып, жер көчкү коркунучу активдешип, тоонун бетинде жаракалар пайда болгондугу тууралуу маалымат берилген.
Жерине ӨКМдин Алай райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшүп жогоруда аталган үй тургундары туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөн.
Бүгүнкү күнгө чейин ӨКМ тарабынан аталган аймак жер көчкү коркунучу бар деп аныкталган.
Жалпы 15 турак үйдүн жашоочуларына кооптуу аймак экендиги тууралуу корутунду берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле 5 турак үйдүн ээлерине мамлекет тарабынан жер тилкелери берилип, Алай райондук ӨКБ тарабынан эскертмелер берилип келген.
Бүгүн КР ӨКМнин алдындагы Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жерине тартылып, изилдөө иштери жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР