Жаңылыктар
02.02.2024 18:30
Кароолор: 761
ЖЭБтеги КЫРДААЛ БОЮНЧА ӨКМ БИЛДИРЕТ
2024-жылдын 2-февралы саат 18:30га карата Бишкек Жылуулук электр борборунда орун алган авариянын кесепеттерин ыкчам жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министлигинин жалпы 130 куткаруучусу, 8 мотопомпа ( суу сордуруучу каражат), 24 техникасы тартылып, төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:
- Жеринде кызматкерлер үчүн жылынуу пункту катары 2 чатыр тигилип, ( дагы 10 чатыр резервде турат) ичи жылыткычтар менен камсыздалды
- ӨКМ тарабынан тартылган мотопомпалардын жана техникалардын жардамы менен ЖЭБдин имаратына толуп калган сууларды сордуруу иштери жүрүүдө;
- 5 автошаты менен ЖЭБдин имаратын жылуулоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн ӨКМ тарабынан 20 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, дагы 45 000 м2 келүүсү күтүлүүдө;
- ӨКМдин Сыноо лабораториясынын кызматкерлери тарабынан өрт чыккан аймакты алдын ала изилдөө иштери жүрүп, алгачкы кароо жүргүзүлдү;
- Жеринде жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 357 кызматкер, 20 техника (19 автовышка, 1 ыкчам унаа) тартылган;
- Алар РЭТ, Бишкексууканал, ИИМ, Бишкек жашыл чарба, Бишкек жарык муниципалдык ишканаларынын ЖЭБтин, Мамкурулуштун кызматкерлери. Мындан тышкары тез жардам кызматынан 5 бригада тартылган;
- Саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун жетекчилигинде Бишкек ЖЭБте кеңешме өтүп, жаралган абалды жөнгө салуу, ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырма коюлду. Кеңешмеге ӨК министри генерал-майор Б.Э. Ажикеев жана тиешелүү министрликтердин ведомстволордун жетекчилери катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР