Жаңылыктар

02.02.2024 08:05

   Кароолор: 1519

ЖЭБнын АЙМАГЫНДАГЫ ӨРТ КЫРСЫГЫ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ

Учурда Жылуулук электр борборунун аймагында ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев координациялоо ишин жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Шабдан Баатыр дарегинде жайгашкан Жылуулук электр борборунун аймагында өрт кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 03:06да 6 күжүрмөн эсеп тартылып, бирок саат 3:15те 4ү өз ордуларына кайтарылган.

Өрт кырсыгы катталган аймакка жеринде 2 күжүрмөн эсеп жана штаб иш алып барган.

Тилсиз жоо саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. .

Кырсыктын кесепетинен ЖЭБнын 3 кызматкери жабыркап тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген.

Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп, иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу