Жаңылыктар
07.02.2024 12:27
Кароолор: 1084
ЖЭБдин ЧАТЫРЫН ЖАБУУ ИШИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ
7-февраль саат 12:00гө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 712 адам, 26 техника тартылды.
ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.
Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.
Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда.
Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР