Жаңылыктар

05.02.2024 08:42

   Кароолор: 803

ЖЭБди КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЖҮРҮҮДӨ

2024-жылдын 5-февралы саат 8:30гө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 917 адам, 31 техника тартылды.

Анын ичинде ӨКМдин 55 куткаруучусу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда.

Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген.

ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 917 адамдын ичинен:

- 728и Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компанияларынын кызматкерлери;

-100ү Мамкурулуштун куруучу жана атайын адистери;

-ИИМдин 15 кызматкери;

-Бишкек мэриясынын 19 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 19 техника тартылып, ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу