Жаңылыктар
08.02.2024 10:21
Кароолор: 632
ЖЭБдеги ШТАТТЫК ЭМЕС КЫРДААЛДЫ ЖОЮУГА 576 КЫЗМАТКЕР ТАРТЫЛДЫ
8-февраль күнү саат 8:30дан тарта Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 576 адам, 17 техника тартылды.
ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.
Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.
Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда.
Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР