Жаңылыктар

04.02.2024 12:00

   Кароолор: 770

ЖЭБдеги КЫРСЫКТЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 862 АДАМ ТАРТЫЛДЫ

2024-жылдын 4-февралы, саат 12:00гө карата, Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 862 адам, 18 техника катышууда.

Анын ичинен ӨКМден 81 куткаруучу, Бишкек ЖЭБден 428 кызматкер, Курулуш компаниялардан 263, Энергетиктер 62, Мэриядан 12 жана ИИМден 15 кызматкер иш алып барууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда:

- ⁠авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө;

- ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 000м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;

- ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши толугу менен аяктады;

- Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.

Жеринде мындан сырткары жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 780 кызматкер 10 техника тартылды. Анын ичинен курулуш компанияларынан 263 куруучу ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу