Жаңылыктар
03.02.2024 16:53
Кароолор: 934
ЖЭБдеги КЫРСЫКТЫН КЕСЕПЕТИН ЖОЮУГА 870 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
2024-жылдын 3-февралы, саат 16:00гө карата, Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.
Анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу, 17 техника, 6 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 12 жылыткыч, 10 чатыр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда:
- авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө;
- ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 000м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
- ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши жүрүүдө;
- Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
Жеринде мындан сырткары жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер 21 техника курулуш компанияларынан 338 куруучу 5 техника ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР