Жаңылыктар
04.02.2024 16:01
Кароолор: 1094
ЖЭБ: КЫРСЫКТЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 991 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
2024-жылдын 4-февралында саат 16:00гө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды.
Анын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоодо;
- ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
- жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 991 адамдын ичинен:
- 490у Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компаниялардын кызматкерлери;
-393ү Мамкурулуштун куруучу жана атайы адистери;
-ИИМдин 15 кызматкери;
-Бишкек мэриянын 12 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 15 техника тартылып, ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР