Жаңылыктар

09.04.2025 19:55

   Кароолор: 511

“ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТӨШТҮГҮ – ЖАШЫЛ КЫРГЫЗСТАНДЫ КЕЛЕЧЕК МУУНГА КАЛТЫРУУ

Президент Садыр Жапаров демилгелеген "Жашыл Мурас" улуттук өнөктөштүгүн ишке ашыруунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана министрликке караштуу Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Түп райондук токой чарбасында болушту.

Министр айтымында, жашылдандыруу өнөктөштүгүнүн максаты – жашыл Кыргызстанды экономикасы өнүккөн өлкөнү келечек муунга калтыруу.

Өнөктөштүктүн алкагында экологиялык абалды жакшыртуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуучу маанилүү кадамдары каралды.

Белгилей кетсек, аталган аймакка ак кайың, көк терек, карагай түркүмдөрү, жапайы мөмө-жемиш бактары, кызыл четин көчөттөрү отургузулмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу