Жаңылыктар

20.10.2024 18:03

   Кароолор: 945

ЖАШЫЛ КӨЧӨТ – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

ӨКМдин Токой кызматы Бишкекте 1000 көчөт отургузду

Бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан бир гектар жерге 1000 көчөт отургузулду. Бишкек токой чарбасынын карамагындагы аянт "Манас" Эл аралык аба майданына жакын жайгашкан.

«WELCOME TO FOREST’ WAY» аталышындагы акцияны өткөрүү Кыргызстандын Токой кызматы Корея мамлекетинин “AfoCO” Азия токой кызматташтыгы уюму жана “T'way Air” авиакомпаниясынын биргелешкен демилгеси болуп саналат.

Саамалык Президент Садыр Жапаровдун жаратылышты коргоого жана өлкөнүн токой ресурстарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган “Жашыл Мурас” улуттук компаниясынын алкагында уюштурулуп, экологиялык абалды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү, көмүртектин көлөмүн азайтуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатын көздөйт.

Иш-чарага ӨКМдин Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев, Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэ, “AfoCO” жана “T'way Air” авиакомпаниясынын өкүлдөрү, Бишкек токой чарбасынын кызматкерлери жана ыктыярчылар катышты.

Жалпы 1 га аянтка 1000 көчөт анын ичинен 800 каражыгач, 100 арча, 100 карагай отургузулду.

Белгилей кетсек AFOCO Азиялык Токой Кызматташтык Уюму – токойлорду кыюу жана токойлорду сактоо маселелерин чечүүгө багытталган токой тармагындагы кызматташуунун аймактык механизми.

Учурда 14 өлкө AFoCOнун катышуучулары катары расмий катталган. Кыргызстан менен аталган уюмдун ортосундагы кызматташуу боюнча макулдашууга 2022- жылдын 1-августунда кол коюлган.

Анын алкагында AFoCO Кыргызстандын Токой кызматынын Фрунзе токой чарбасынын аймагында эл аралык стандарттарга ылайык заманбап үрөн сактоочу жайды куруу жана токой чарба ишканаларында туруктуу токой үрөн участокторун түзүүдө колдоо көрсөтүү каралган.

Кызматташтыктын экинчи этабында бардык техникалык талаптарга ылайык курулган жайда сакталып, өстүрүлгөн үрөндөрдүн көчөттөрүн отургузуу долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу