Жаңылыктар

14.02.2025 11:38

   Кароолор: 42

ЖАШ ЖООКЕРЛЕР ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кечээ, 14-февралда ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын аскерлери менен Ооган согушунун ардагерлери жолугушуп, эскерүү кечесин өткөрүштү. Алар Ооганстандагы кан күйгөн оор күндөрүн, бут алдында жарылган миналар, көз алдында курман болгон жапжаш жигиттер жана өтөгөн милдети тууралуу айтып берди.

Ардагерлер жоокерлердин мекенчилдик сезимин ойготуп, мекен үчүн ак дилден кызмат кылууга чакырышты. Кыргызстан менен сыймыктанып, мекенибизди өнүктүрүү, жерибиздин бекемдигин сактоо мекенчил уул-кыздардын колунда экенине токтолушту.

Аскер бөлүктө өткөн баарлашуу жоокерлердин, куткаруучулардын концерти менен коштолду.

Тарыхка көз чаптырсак, 1989-жылы 15-февралда Ооганстандан акыркы советтик жоокер чыгып кеткен. Бүт дүйнө көз салып турган бул окуя “Достук” көпүрөсүндө болгон. Андан бери 36 жыл өттү.

Куралдуу күчтөрдү алып чыгуу эки этап менен жүргөн. СССР 1988-жылдын май айынан августка чейин 12 провинциядан 50 миңден ашык жоокерди жөнөтүшкөн. Ал эми 1988-жылдын декабрынан тарта 40-армиянын бөлүктөрү толугу менен кеткен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу