Жаңылыктар

18.02.2025 12:45

   Кароолор: 242

ЖАШ ЖООКЕРЛЕР КУТКАРУУЧУ УКУГУН АЛЫШТЫ

Табигый жана техногендик өзгөчө кыраалдардын кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы зарыл.

Андыктан ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мөөнөттөгү аскер кызматкерлери куткаруу, эвакуациялоо, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана башка ыкмаларын бир ай окушту

Жыйынтыгында мөөнөттөгү жаш жоокерлерге авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө сертификаттар тапшырылып, куткаруучулар укугуна ээ болушту.

Белгилей кетсек, буга кошумча окуу жай менен түзүлгөн келишимдин негизинде 3 айлык мөөнөттө ашпозчу, ширетүүчү, чач тарач, электр оңдоочу, сантехник кесиптерин үйрөнүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу