Жаңылыктар

23.02.2024 15:09

   Кароолор: 140

ЖАШ МУУНДАРДЫ МЕКЕНЧИЛДИККЕ ҮНДӨӨ САБАГЫ

Кечээ, 22-февраль ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 23-февраль “ Ата Мекенди коргоочулар күнүнө” карата, жаш муундарды патриоттуулукка үндөө максатында “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.

Окуучулар мекендин сактыгында турган куткаруучулардын ардактуу кесиби менен таанышып, өрт өчүрүүчүлөрдүн атайы кийимин кийип, суу жеңчелерин кошуп өздөрүн куткаруучулардын ордуна коюп, бул кесипке болгон кызыгуусун жашырган жок.

Ошондой эле ӨКМдин кызматкерлери Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдери менен бирге жаш муундарга атайы оюндарды уюштуруп, жаш куткаруучулар арасында таймаштар өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу