Жаңылыктар
10.10.2024 09:28
Кароолор: 216
ЖАШ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ЭҢ МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
“Жаш куткаруучулар” сынагынын республикалык туру 8-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда жыйынтыкталды.
Өлкөнүн жалпы аймактарын өзүнө камтыган бул мелдеш ӨКМ адистери тарабынан “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн” алкагында жыл сайын уюштурулуп келет. Анын негизги максаты – өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу болуп саналат.
Чечүүчү мелдешке өлкөнүн жети дубанынан жана Ош, Бишкек шаарларынан тандалып келген 9 команда ат салышты. Окуучулардан түзүлгөн бул командалар өз мектебинин жана кичи мекенин даңазалоого болгон күчүн аяшкан жок. Жобого ылайык белгиленген тапшырмаларды так аткарып, жигердүү катышкан командалар ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле Кызыл Ай коомунун өкүлүнөн турган комссиянын чечими менен тандалып алынды.
Жарандык коргонуу башкармалыгынын жарандык коргонуунун аскерлерин жана күчтөрүн даярдоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник Замирбек Нарчаев быйылкы жылы башка жылдарга салыштырмалуу мыкты даярдыкта келишкенин, атаандаштык жогору деңгээлде өткөнүн айтты.
Талас облустук командасынын уюштуруучусу Сарама Мырзакматова бул мелдештин артында жаш улан-кыздар өзгөчө кырдаалдарда коргонууну, өзүн туура алып жүрүүнү үйрөнүү менен гана чектелбестен, мекенчилдикке тарбиялоодогу мааниси терең экенин белгилеп кетти.
Намысты колдон чыгаргысы келбеген, жеңиш талашкан дымагы күчтүү жаштар куткаруучулук кесиптин түмөн түйшүгүн, ошол эле маалда ардактуу кесип экенин сезип көрүшкөнүн жана келечекте бул кесиптин ээси болуу кыялдары пайда болгонун айтышты.
Жыйынтыгында I орунга Жалал-Абад, II орунга Нарын облустарынын, ал эми III орунга Ош шаарынан келген команда ээ болду. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов жеңүүчү деп табылган командаларга баалуу байгелерин, диплом жана кубокторун тапшырып, сынакты уюштурууга катышкан бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирди.
Министрдин орун басары куткаруучулук бул – сууга чөкпөгөн, ызгаарга тоңбогон, отко күйбөгөн өзгөчө кесип экенин белгилеп, келечекте аркалайм деген каалоосу бар мектеп бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттин эсебинен бюджеттик негизде чет жактан окуп келүүгө министрлик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып өттү.
Мындан тышкары мелдешти өткөрүүгө демөөрчүлүк кылган Кызыл Жарым Ай коомуна жана ЮНИСЕФ уюмуна ыраазычылык айтылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР