Жаңылыктар

29.09.2023 16:29

   Кароолор: 472

Жаш куткаруучу, мелдешке даярсыңбы?

29-сентябрда “5-октябрь – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Жаш куткаруучулардын” спорттук мелдеши Чүй облусунун Токмок шаарында өткөрүлүүдө.

Анда ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына караштуу райондук бөлүмдөр уюштурган мелдеште финалга чыккан командалар таймашат. Мелдеште үй тапшырмасы, өрт эстафетасы, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, капитан командалардын сынагы каралат. Жеңген команда республикалык таймашка жолдомо алмакчы.

Аталган сынак ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлүүдө. Ага катышкан район-шаарлардын мектептеринин жогорку класстын окучулары күч сынашууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу