Жаңылыктар

08.10.2024 12:52

   Кароолор: 285

“ЖАШ КУТКАРУУЧУ” МЕЛДЕШИНИН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАБЫ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 8-октябрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда “5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жарыяланган бир айлыктын алкагында өтүп жаткан “Жаш куткаруучу” мелдешинин республикалык этабы өтүүдө.

Бир айлыктын жүрүшүндө өлкө боюнча райондук, облустук деңгээлдеги мелдештер өтүп, эми алдыга суурулуп чыккан командалар республикалык мелдеште күч сынашууда.

Жети дубандан 7 команда жана Ош, Бишкек шаарларынан болуп, жалпы 9 команда таймашууда.

Жыйынтыгында уткан командаларга сыйлыктар эртең, 9-октябрда Бишкекте өтө турган иш-чарада тапшырылат.

Учурда ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын жарандык коргонуунун аскерлерин жана күчтөрүн даярдоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник Замирбек Нарчаев баштаган комиссия тарабынан бааланууда.

Белгилей кетсек мелдеш жыл сайын өткөрүлүп, кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билимди, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатын көздөйт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу