Жаңылыктар

04.09.2023 10:54

   Кароолор: 815

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ШАШЫЛЫҢЫЗ! ЫР СЫНАКТЫН МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ! ШАШЫЛЫҢЫЗ!

📢❗❗❗ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ШАШЫЛЫҢЫЗ! ЫР СЫНАКТЫН МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ! ШАШЫЛЫҢЫЗ!

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН АКЫНДАРГА, КОМПОЗИТОРЛОРГО ЖАРЫЯЛАГАН СЫНАГЫ УЗАРТЫЛДЫ

 

 

Ыр сынакка катышуучулардан чыгармаларды кайрадан күтөбүз. Ырлардын текстти 3-4 куплеттен туруп, мекенчилдик, сактоо, коргоо, куткаруу сезимдерине үндөгөн текст (марш тибине мүнөздүү) жана заманбап стилдеги ритмдүү музыка жазылышы керек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саптык ыры аскерлердин духун көтөрүүгө да багытталып, анын музыкасы кайраттуулугуна, энергиялуулугуна, заманбап стилдеги ритмдүүлүгүнө басым жасалат. Ошондой эле ӨКМдин саптык ыры жаштардан тарта бардык муундар жана ыр-музыка сүйүүчүлөр арасында ар кандай салтанаттарда музыкалык аспаптын коштоосу менен ырдалууга тийиш.

Композиторлор менен биргеликте иштелген чыгармаларды кабыл алуунун акыркы күнү 2023-жылдын 15-сентябрына чейин узартылганын билдиребиз. Кабыл алуу иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.

Сынактын жеңүүчүлөрү – чыгармалардын авторлоруна (мыкты ырга, мыкты музыкага) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата акчалай сыйлык тапшырылат. Байге фонду каралган. Сурап-билүү үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыздар.

Дареги: Бишкек шаары, Манас көчөсү 101/1.

Байланыш телефону: (0312) 32-38-12, 0552-88-69-66, 0701-72-15-47. Электрондук дарек: mchs-pressa@mail.ru

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу