Жаңылыктар
26.08.2025 16:05
Кароолор: 58
ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮГӨ ЖӨНӨТҮЛГӨН ӨКМдин ТИК УЧАГЫ КАЙТЫП КЕЛДИ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен кечээ, 24-августта Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинистти алып түшүү, башка туристтерге жардам берүү максатында ӨКМдин Авиациялык ишканасынын “Airbus Н-125” үлгүсүндөгү тик учагы жөнөтүлгөн. Тик учак менен жардам берүү үчүн барган чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч, альпинист-куткаруучу, инструктор Каркырадагы базада 2 күн болушкан.
Бирок Жеңиш чокусу жайгашкан аймакта аба ырайы кескин төмөндөп, учууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу бүгүн, 25-августта министрликтин тик учагы чет өлкөлүктөр менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтышты.
Ошондой эле ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин айтымында, Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы алпинисттерди өзүнө тарткан бийик чокулар жайгашкан бул өрөөнгө суук эрте түшүп, чокуга көтөрүлчү альпинисттер лагери Каркырадагы негизги базасына көчүп келишкен.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-августунда Россиянын жараны Наталья Ноговицына “Жеңиш” чокусунан түшүп келе жатып деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. Ага бир нече ирет куткаруу аракеттери “Ак-Сай трэвел” туристтик компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусундагы кырдаалды көзөмөлдөп, аталган туристтик компания менен тыгыз байланышып турду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР