Жаңылыктар

14.04.2024 10:39

   Кароолор: 144

“ЖАРДАМ КЕРБЕНИНИН” ЭКИНЧИ ПАРТИЯСЫ БООРДОШ КАЗАК ЭЛИНЕ ЖӨНӨТҮЛДҮ

Кыргыз Мамлекетинин башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин” экинчи партиясы жөнөтүлдү. 7 оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат.

Жөнөтүлүп жаткан 150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар.

Экинчи жардам кербенине Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан каражат бөлүнүп, кыргыз эли да салым кошту.

Белгилей кетсек, биринчи “Жардам кербенин” Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан. Гуманитардык жардам 4 облуска жеткирилген.

Кербен 6000 чакырымга жакын жол жүрүп, Жамбыл – Чымкент – Түркестан – Актөбө – Атырау – Костанай – Орал (Уральск) жолун басып өтүшкөн. 13-апрелде түнкү саат 2:00дө Кыргызстанга кайтып келишкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу