Жаңылыктар
17.04.2024 18:35
Кароолор: 219
“ЖАРДАМ КЕРБЕНИНИН” ЭКИНЧИ БӨЛҮГҮНҮН 1 ЖҮК ТАШУУЧУ УНААСЫ КАЗАКСТАНДЫН КОСТАНАЙ ШААРЫНА ЖЕТТИ
“Жардам кербенинин” экинчи бөлүгүнүн 1 жүк ташуучу унаасы Казакстандын Костанай шаарына жетти.
Кыргызстандан чыккан «Жардам кербени» Казакстандын Актөбе шаарын басып өттү. Ал арада 7 жүк ташуучу унаадан 1 жүк ташуучу унаа бөлүнүп, Костанай шаарына жетип жардам жүгүн түшүрдү.
Жардам кербенинде калган 6 жүк ташуучу унаа Актөбе шаарына жетип ал жактан дагы 1 жүк ташуучу унаа Орал шаарына бет алды. Ал эми дагы 1 унаа Актөбе шаарында калды.
Натыйжада 4 жүк ташуучу унаа жолун улап Көлсары шаарына бет алды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР