Жаңылыктар

14.04.2024 15:44

   Кароолор: 226

“ЖАРДАМ КЕРБЕНИНИН” ЭКИНЧИ БӨЛҮГҮ КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНАН ӨТТҮ

Кезектеги “Жардам кербени” гуманитардык жүк кыргыз - казак өткөрмө пунктунан өтүп, жолун улады.

7 жүк ташуучу унаадан турган кербен дээрлик 150 тонна азык-түлүк алып бара жатат. Гумжардам Казакстандын 5 областынын жашоочуларына жеткирилет. Гумжардам негизинен айран, каймак, “Крестьянское” сары майы, “Особое” майы, Голландия сыры, жана кургак сүттөн турат.

Эскерте кетсек, гумжардамдын бул экинчи бөлүгүн элден жана Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан каржыланып топтолду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу