Жаңылыктар
10.04.2024 14:56
Кароолор: 879
“ЖАРДАМ КЕРБЕНИНИН” БИР БӨЛҮГҮ АТЫРАУ ОБЛУСУНА ТҮШҮҮДӨ
3000 чакырымга жакын жол жүргөн жардамдын бир бөлүгү Казакстан Республикасынын Атырау облусунун жардам топтоочу логистикалык борборуна жеткирилип, 10-апрелде казак куткаруучулардын жана ыктыярчылардын жардамы менен түшүп жатат
Тактап айтканда, Кыргызстандан чыккан “Жардам кербени” 9-апрелде төрт багытка – Костанай, Актөбө, Орал (Уральск), Атырау облустарына бөлүнгөн.
Боордош казак элге келген жардамда чатыр, керебет, конвекторлор, жууркан-төшөк, кийим-кече жана тамак аш топтому бар. Бул аймакка 4 оор жүк ташуучу унаа менен 80 тонна жүк келген.
Белгилей кетсек, кыргыз кербен жардамын 6-апрелде Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев коңшу өлкөгө узатып, жеткирүү жоопкерчилиги министрдин орун басары полковник Урматбек Шамыркановго жүктөлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР