Жаңылыктар

10.04.2024 15:58

   Кароолор: 693

“ЖАРДАМ КЕРБЕНИНИН” БИР БӨЛҮГҮ АТЫРАУ ОБЛУСУНА ТҮШТҮ

Казакстандын Атырау калаасына “Жардам кербенинин” бир бөлүгү 9-апрелде жетти. 3000 чакырымга чукул жол жүргөн жардамды жеткирип келген топту Атырау облусунун губернаторунун орун басары Жасулан Бисембиев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу штабынын кезектеги отурумунда облус жетекчилиги жардамга кол сунган кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки элдин достугу бекемделерине токтолуп, КР ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановго ыраазычылык катын тапшырды.

Мындан соң У. Шамырканов казак элине чыдамкайлык каалап, кыска аралыкта суу каптоонун кесепеттерин жоюу, элдин жашоосун калыбына келтирүү тилегин билдирди.

Белгилей кетсек, 6-апрелде таң эрте Кыргызстандан чыккан жардам Костанай, Актөбө, Орал (Уральск), Атырау облустарына жеткирилди.

Бул тууралу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу