Жаңылыктар
13.04.2024 10:31
Кароолор: 240
ЖАРДАМ КЕРБЕНИН” ЖЕТКИРГЕН КУТКАРУУЧУЛАРДЫН САПАРЫ КАРЫДЫ
Казакстандын алыскы облустарына жардам жеткирген кыргыз куткаруучуларынын сапары карыды.
Аманат аткарылган сапарда Кыргыз Мамлекетинин жетекчилерине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына, кыргыз элине чын дилден жаңырган алкыштар, ак баталар, ыраазычылыктар жеринде айтылып, интернет айдыңында жаңырып турду.
Ал эми бүгүн, 12-апрелде суу каптоодон жабыркаган облустарга жардам кербенин жеткирүү жоопкерчилиги жүктөлгөн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановго Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин начальниги, полковник Арман Токанов ыраазычылык катын ыйгарды.
Кыргыз эли табигый апааттардан алыс болуусун тилеп, мекенине кайтып бара жаткан куткаруучуларга ак жол каалады.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан.
Кербен 6000 чакырымга жакын жол жүрүп, Жамбыл – Чымкент – Түркестан – Актөбө – Атырау – Костанай – Орал (Уральск) жолун басып өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР