Жаңылыктар

16.04.2024 12:22

   Кароолор: 263

«ЖАРДАМ КЕРБЕНИ – 2» ОРАЛ ОБЛУСУНА БАГЫТ АЛДЫ

Бүгүн, 16-апрелде таң эрте экинчи гуманитардык жүк "Жардам кербени - 2" Кызылорда облусунан Орал (Урал) облусуна жөнөп кетти.

Селден жабыркаган калкка 150 тоннага жакын Кыргызстанда даярдалган сүт азыктарынан турган гуманитардык жардам жолдо бара жатат.

Эске сала кетсек, экинчи гуманитардык жүктү кыргызстандыктар топтоп, КР Президентинин резервдик фондунан кошумча каражат бөлүнгөн.

Коңшу аймактагы автоколоннанын коопсуздугун Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Гуманитардык жүктөрдү жеткирүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү.

Бул жолу кезектеги “Жардам кербени – 2” гуманитардык жүктү КР ӨКМдин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги астында ӨКМдин кызматкерлери коштоп барууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу