Жаңылыктар
17.07.2025 15:58
Кароолор: 234
ЖАРАТЫЛЫШТА ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗ
Биз кайсы жерде болбойлу же кайсы жакка барбайлы, ар дайым тазалыкты сактап, жаратылышка зыян тийгизбейли. Айрыкча жай мезгилинде токойго же жаратылышка эс алууга барганда, таштандыларды калтырып, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү чоң көйгөй.
Эс алуучулар токойдогу өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабастан, чылым калдыктарын, оттун чогун өчүрбөй калтырып кетишет. Албетте бул жаратылышка кооптуу абал жаратат. Мындай этиятсыздык ири өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жарандарды жаратылышты жана айлана-чөйрөнү таза сактоого, ошондой эле өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырып келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР