Жаңылыктар
16.04.2025 23:10
Кароолор: 291
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУГА ДАЯРСЫЗБЫ?.. ДАРЫЯ НУГУН БУРУУ, КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРДИ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ МЕНЕН АЙКАЛЫШКАН МАШЫГУУ
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги менен Нарын облусунда Жарандык коргонуу кызматтарынын командалык-штабдык машыгуусу бүгүн таң эрте Нарын шаарында расмий жыйын менен башталды.
Расмий ачылышка Нарын дубанынын орун басары Адыл Сапаров баш болгон облустагы Жарандык коргонуу тутумдарынын өкүлдөрү катышышты.
Биргелешкен машыгуунун негизги темасы - облус аймагындагы 7 баллдык жер титирөө болду. Андан жабыркаган райондордун абалына баа берүү, аларга жардам көрсөтүү, эвакуациялоо, издеп-куткаруу иштери ал тургай, кырсык катталганда документтерди айландыруу тажрыйбасы реалдуу окуяга жакын шартта көрсөтүлмөкчү.
ӨКМ башында турган 3 күндүк командалык-машыгууда табигый жана техногендик кырдаалдар учурунда Жарандык коргонуу тутуму бири-бири менен тыгыз байланышта иштөөсү, ар бир кызматтын даярдыгы текшерилип, жыйынтыгы чыгарылат.
Машыгуунун алкагында облустун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорундагы кооптуу делген аймактар текшерилип, Жарандык коргонуу кызматтарын күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө жана жаздын күнү сел каптоонун алдын алуу, сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо иштерин көрүштү.
Ал эми Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Нарын дарыясынын бир нече кооптуу тилкелерине Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери өз изилдөөлөрүн жүргүзүштү.
Учурда бул аймактагы жээк эрозиясына чалдыккан тилкеде Жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик техникалары дарыя нугун буруу иштерин аткарууда.
Дарыя нугун буруу иштери аяктагандан кийин айыл аймакка тиешелүү айыл чарба жерлери корголмокчу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР