Жаңылыктар

16.05.2024 19:34

   Кароолор: 467

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУНУН ИШИН КОМПЛЕКСТҮҮ БААЛОО ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

15-май күнү Президенттин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жарандык коргоонуу тутутмунун кызматтарынын ишин баалоо боюнча жыйыны болуп өттү.

Комплекстүү текшерүү жыйынына Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов жана орун басар Гульмира Кыштобаева катышты.

Отурум Президент – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги С. Жапаровдун “2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулду.

Жарандык коргонуу тутумундагы кызматкерлердин иши бааланып, согуш жана тынчтык мезгилиндеги өзгөчө кырдаал учурунда Жарандык коргонуу иш-чараларынын уюштурулуусун жана иш-мерчемдерин текшерүү, шаардык жана райондук жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Комплекстүү баалоонун алкагында Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагына караштуу Тегирменти айылында суунун нугун буруу жана жээгин бекемдөө ииштерин көрүүгө жана тиешелүү органдарга тапшырмаларды берүүгө ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов баштаган ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Акжол Үсөн уулу жана облус жетекчилиги барышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу